Кыска метраждуу тасмалар фестивалынын калыстар тобу белгилүү болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айтыш" киностудиясынын өкүлү Чолпон Идирисова маалымат жыйыны учурунда
Айтыш киностудиясынын өкүлү Чолпон Идирисова маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыстар тобунун төрагалыгына советтик жана казакстандык режиссер Дарежан Омирбаев чакырылган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалдын калыстар тобунун курамы белгилүү болгонун "Айтыш" киностудиясынын өкүлү Чолпон Идирисова билдирди.

Пресс-конференция О программе кинофестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Таалай Кулмендеев: фестивалдын байге фонду 400 миң сомду түзөт
Анын айтымында, калыстар тобунун төрагалыгына советтик жана казакстандык режиссер Дарежан Омирбаев чакырылган. Курамда россиялык Элла Манжеева, Өзбекстандан Хилол Насимов, Кыргызстандан Таалайбек Кулмендеев, молдовалык режиссер Вирджилиу Мэрдиняну бар.

Быйыл алтынчы ирет өтүп жаткан фестиваль 12-15-декабрь күндөрү Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өтөт. Таймашка жалпы жонунан 26 тасма катышып, анын 12си улуттук, 14ү эл аралык сынакта күч сынашат. Фестивалдын байге фондусу 400 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0