Өлкөдө улуттук адабияттын жумалыгы өтөт

© Фото / Алия СамидинОткрытие литературного центра Кыргызстана в национальной библиотеке Казахстана
Открытие литературного центра Кыргызстана в национальной библиотеке Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш-чараларга балдар, ата-энелер жана бардык каалоочулар катыша алышат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өлкөдө улуттук адабияттын жумалыгын майрамдоо башталып, борбор калаадагы китепканалар менен мектептерде бир топ иш-чаралар өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

  • 5-12-декабрь ичинде жумалыкка катышкандар кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын көркөм окуп, викториналарга, сынактарга катышып, акын-жазуучулар менен жолугат. 
  • 9-10-декабрда борбор калаадагы соода борборлордун биринде үй-бүлө менен чогуу отуруп китеп окуу акциясы болот. Анын алкагында жарманке-көргөзмө өтүп, балдар китебин жазуу жана жасалгалоо боюнча мастер-класстар уюштурулат. Куурчак театры оюн көрсөтсө, "Бөбөккө китеп окуп берип, белекке ээ бол" акциясы да тартууланат. 

Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында 12-декабрда "Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы жомоктор менен уламыштар" деп аталган иш-чара уюштурулат. 

Бул иш-чараларга балдар, ата-энелер жана бардык каалоочулар катыша алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0