09:54 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Улуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив

Кыска метраждуу тасмалар фестивалын Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы ачат

© Sputnik / Э. Вильчинский
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалы (11)
37 0 0

Аталган тасма Германиядагы эл аралык фестивалда 80 өлкөнүн ичинен баш байгени жеңип алган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы Бишкекте өтө турган кыска метраждуу тасмалар фестивалын ачып берет. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду маалымдады.

Илимий негизде тартылган "Манасчы" тасмасы улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган. Аталган тасма Германиядагы эл аралык фестивалда 80 өлкөнүн ичинен баш байгени жеңип алган. Фильмде улуу манасчы тууралуу кызыктуу жана өзгөчө кадрлар камтылган.

Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын мекени аталышындагы фестиваль быйыл 6-жолу өткөрүлүп жатат. Ал 12-декабрдан 15-декабрга чейин "Манас" кинотеатрында өтмөкчү.

Тема:
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалы (11)

Тема боюнча

12 кино тасма "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" конкурсуна катышат
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү": катышуучулардын тизмеси
Белгилер:
тасма, манасчы, фестиваль, Саякбай Каралаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ