Астанада кыргыз адабияты борбору ачылды

© Фото / Алия СамидинКазакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды
Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордо кыргыз улуттук энциклопедиясы, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары жана "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунун толук чыгарылыштары коюлду.

АСТАНА, 1-дек. – Sputnik. Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов билдирди. 

© Фото / Алия СамидинКазакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды
Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды
© Фото / Алия СамидинБир ай мурун Бишкек шаарында Казак адабияты борбору ачылып, ал жерде Астана шаарында кыргыз адабияты борборун ачуу макулдашылган
Бир ай мурун Бишкек шаарында Казак адабияты борбору ачылып, ал жерде Астана шаарында кыргыз адабияты борборун ачуу макулдашылган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бир ай мурун Бишкек шаарында Казак адабияты борбору ачылып, ал жерде Астана шаарында кыргыз адабияты борборун ачуу макулдашылган
© Фото / Алия СамидинБорбордо улукттук энциклопедия, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары, "Манас" эпосунун толук варианты жана башка китептер коюлган
Борбордо улукттук энциклопедия, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары, Манас эпосунун толук варианты жана башка китептер коюлган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Борбордо улукттук энциклопедия, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары, "Манас" эпосунун толук варианты жана башка китептер коюлган
© Алия СамидинЖакын арада электрондук китептердин да алып келиниши күтүлүүдө.
Жакын арада электрондук китептердин да алып келиниши күтүлүүдө. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жакын арада электрондук китептердин да алып келиниши күтүлүүдө.
1/4
Казакстандын улуттук академиялык китепканасында Кыргыз адабияты борбору ачылды
2/4
Бир ай мурун Бишкек шаарында Казак адабияты борбору ачылып, ал жерде Астана шаарында кыргыз адабияты борборун ачуу макулдашылган
3/4
Борбордо улукттук энциклопедия, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары, "Манас" эпосунун толук варианты жана башка китептер коюлган
4/4
Жакын арада электрондук китептердин да алып келиниши күтүлүүдө.

Анын айтымында, бир ай мурун Бишкек шаарында Казак адабияты борбору ачылып, ал жерде Астана шаарында кыргыз адабияты борборун ачуу макулдашылган. 

"Бир ай мурун Бишкек шаарында казак адабияты борборун Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада ачтык. Ошол жерде Астана шаарындагы улуттук академиялык китепканасында кыргыз адабияты борборун ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жургөн. Мына ошонун негизинде бүгүн адабият борборун ачтык", — деди ал.

Бекманбетов өзү менен кошо 150гө жакын китеп алын келгенин айтып, келечекте кыргыз жазуучулары менен келишим түзүп, борборго кошумча китептер алып келинерин белгиледи. 

Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Айтматовдун кыргызча жарык көрбөгөн чыгармасын таап алышты
Анын айтымында, боордош эки элдин жаш муундары арасында адабият жаатында байланыш аз.

"Чынында бул борбор мындан бир топ жыл мурун ачылса жакшы болмок. Бирок жакшылыктын эрте-кечи жок дейт. Эгемендүүлүктүн 25-жылында ушундай борборлордун ачылышы жакшы нерсе. Анткени биздин ата-бабалар бир чөлкөмдө чогуу жашаган. Ал эми жаштар арасында адабият жаатында байланыш аз. Ошондуктан мындай борборлордун ачылышы келечек муунга жакшы таасир тийгизет деп ойлойм", — деди Бекманбетов. 

Борбордо улукттук энциклопедия, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары, "Манас" эпосунун толук варианты жана башка китептер коюлган. Жакын арада электрондук китептердин да алып келиниши күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0