10:38 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү

Окумуштуулар Айтматовдун кыргызча жарык көрбөгөн чыгармасын таап алышты

© Sputnik / Лев Иванов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
174890

Жазуучунун бул эмгеги орус тилинен болгарчага которулган. Айтматов бул чыгармасы жөнүндө бир дагы маегинде айткан эмес.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жарыяланбаган "Чоор жана жер" аттуу чыгармасы табылды. Бул боюнча Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Биринчи болуп чыгарма менен академик Абдылдажан Акматалиев таанышкан. Анын айтымында "Чоор жана жер" циклиндеги чыгармалар Болгариянын "Пламък" (1973-ж.) жана "Литературный фронт" (1974-ж.) журналында жарыяланган. Ошондой эле 1974–1976-жылдары жазуучунун болгар тилинде жарык көргөн эки томдук чыгармалар жыйнагына кирген. 

"Чоор жана жер" орус тилинен болгарчага которулган. Айтматов бул чыгармасы жөнүндө бир дагы публикацияда же маегинде айткан эмес", — деп билдирди академик. 

Акматалиевдин айтымында кыргыз окурмандары окуй элек бул эмгек менен болгар эли 40 жыл мурда эле таанышкан. Бул чыгарманын кыргыз тилинде табылышы айрым адамдардын Айтматов "Чоор менен жер" чыгармасынын автору эмес деген кептерди жокко чыгарат. 

"Чыгарма Чүй каналынын курулушуна арналган аңгемелерден турат. Мен чыгарманын болгар тилиндеги вариантын үч жыл иликтедим", — деди Акматалиев. 

Маалыматта айтылгандай "Чоор жана жердин" башкы каарманынын прототиби Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча каза болгон Бейше Асакеев аттуу адам.

Тема боюнча

Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун урматына эл аралык сынак жарыяланды
Берлинде Айтматовго арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуду
Белгилер:
чыгарма, Абдылдажан Акматалиев, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ