Бишкекте орус жылдыздары катышкан спектакль көрсөтүлөт

© Василь ЯрошевичСпектакль артисттери. Архив
Спектакль артисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа Россиянын эмгек сиңирген артисттеринин катышуусунда өтөт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Элестетүү оюну" аттуу спектакль көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, программа 18-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында орус жылдыздарынын катышуусунда өтөт. 

Спектаклде Россиянын эмгек сиңирген артисттери Вячеслав Невинный, Ирина Лачина, Евдокий Германов, Вадим Колганов, Александр Бобров өңдүү жылдыздар ойношот.

Жаңылыктар түрмөгү
0