Ветеринарларга арналган "Мал доктур" тасмасы жарык көрдү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота врачей ветеринарной лечебницы в Новгородской области
Работа врачей ветеринарной лечебницы в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясынын көмөгү менен тартылган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын ветеринар адистеринин кесиптик майрамына карата белгилүү режиссер Рысбек Жабиров "Мал доктур" аттуу тасма тартып сунуштаганын Кинематография департаменти билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанда Айыл чарба, азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында иштеген адистер кесиптик майрамын белгилейт.

Жабиров учурда өлкөдө ветеринардык дарыгерлер аз санда экенине токтолду.

"Алты миллион кыргыз элине 35 миң доктур туура келсе, 15 миллион малды болгону төрт миң ветеринар көзөмөлдөйт", — деди режиссер.

Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясынын көмөгү менен тартылып, башкы ролду Рахат Аксултанова жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0