Берлинде Айтматовго арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуду

© Фото / Александр ФедоровПоследняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР
Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, 22-ноябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өткөн аптанын соңунда Берлиндин галереяларынын биринде Германиядагы Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен кыргыз сүрөтчүсү Айбек Ишенбековдун "Жамиля" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Сүрөт көргөзмөсүнө Ишенбековдун улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, Кыргызстандын жаратылышын, кыргыз элинин турмушун жана маданиятын чагылдырган картиналары коюлду", — деп жазылат маалыматта.

Берлиндин Гумбольдт университетинде Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара өттү
Кечеде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев жана Айтматовдун чыгармаларын Германияда басып чыгарган Леонард Кошут сөз сүйлөдү. Кошут улуу жазуучуну эскерип, анын чыгармаларынын тегерегиндеги ой жүгүртүүлөрү менен бөлүшүп кетти. Кече немис жана кыргыз тилдеринде өттү.

Иш-чара Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, 22-ноябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0