Simpsons мультфильминин жаңы сезону тартылганы жатат

© AP Photo / FoxМультсериал Simpsons (Симпсоны)
Мультсериал Simpsons (Симпсоны) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкадагы узакка созулган мультфильм Мэтт Грейнинг тарабынан 1989-жылы тартылып баштаган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Америкалык режиссер Дэвид Сильвермен Simpsons (Симпсондор) мультфильминин жаңы сезону тартыла тургандыгын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости режиссердун Twitter социалдык тармагындагы баракчасына таянуу менен жазып чыкты. 

​Аталган мультфильмде америкалык үй-бүлөлөрдүн жай турмушу тамаша аркылуу чагылдырылат. 

"Симсондордун 29-30 сезондору тартылганы жатат", — деп Сильвермен өзүнүн Twitter тармагындагы баракчасына жазды. 

Американын телекөрсөтүүлөрүнүн тарыхындагы узакка созулган алгачкы мультфильм сериалы продюсер жана сценарист Мэтт Грейнинг тарабынан 1989-жылы тартыла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0