Челябинскидеги фото сынакта кыргызстандык жаран жеңүүчү аталды

© Фото / пресс-служба ассоциации "Замандаш"Фотоконкурс "Челябинск многонациональный" к 280-летию столицы Южного Урала
Фотоконкурс Челябинск многонациональный к 280-летию столицы Южного Урала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка 50дөн ашык фото сүйүүчүлөр катышып, өздөрүнүн чеберчилигин көрсөткөн.

БИШКЕК, 5-ноя.— Sputnik. Түштүк Урал адмистрациясынын 280 жылдыгына карата "Челябинск көп улуттуу шаар" аталышындагы фото сынак өткөрүлүп, кыргызстандык Зыйна Бакирова "Элдик биримдик күнү — Челябинск" аттуу номинацияда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Сынакка 50дөн ашык фото сүйүүчүлөр катышып, өздөрүнүн чеберчилигин көргөзүшкөн.

Экинчи жолу өтүп жаткан иш-чаранын башкы максаты аймакта жашаган элдердин маданий үрп-адатын өнүктүрүү болуп саналат. Челябинскде учурда 132 улуттун өкүлү жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0