"Ата керээзи" тасмасы "ЛIстапад" фестивалында ат салышат

© Фото / Дастан Жапар уулуКыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасынан кадр
Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын уюштуруучулары аталган фильмде Борбордук Азия аркылуу Кытай менен Чыгыш Европаны бириктирген ирмемдер бар экенин белгилешет.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы Белоруссияда өтө турган эл аралык "ЛIстапад" кинофестивалына катышмай болду. Бул тууралуу маалымат сынактын сайтына жарыяланган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Төрага Турсунбеков: "Ата керээзи" Кыргызстан үчүн чоң окуя болуп калды
Конкурс 4-11-ноябрь күндөрүнө белгиленген. 

Миграция темасын козгогон "Ата керээзи" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы 31-август күнү Монреаль кинофестивалында өтүп, фильм "Алтын зенитке" ээ болгон. Мындан тышкары, тасма америкалык "Оскар" киносыйлыгынын узун тизмесине киргизилип, "Алтын глобус" үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

"Сынактын программасы идеологиялык тамыры бир, бирок СССР урагандан кийин өз алдынча кеткен өлкөлөрдө тартылган 11 тасмадан турат", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын уюштуруучулары аталган фильмде Борбордук Азия аркылуу Кытай менен Чыгыш Европаны бириктирген ирмемдер бар экенин белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0