Атамбаев Кыргызстанды дүйнөгө кимдер таанытып жатканын айтты

Жазылуу
Атамбаев маданияттын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, соңку мезгилдери өткөрүлгөн ири маданий иш-чаралар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң көрүнүктүү окуя катары калганын айткан. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент куттуктоосунда Тарых жана маданият жылында ата-бабалар мурасынын жанданып жана дүркүрөп өсүшү байкалганын белгилеген.

"Үркүндүн 100 жылдыгы, даанышман бабабыз Баласагындын 1000 жылдыгы, ата-бабалар жерин сактап келген Тайлак Баатырдын 220 жылдык мааракеси жана, албетте, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң көрүнүктүү окуя катары калды", — деп айтылат куттуктоодо. 

Улуттук кийим кийген кыздар Кийиз дүйнө — көчмөн руху көргөзмөсүндө - Sputnik Кыргызстан
Кыярбай ушул күнгө жеткен "Кийиз дүйнө" — Бишкекте көргөзмө өттү
Мамлекет башчы Атай Өмүрзаковдун бийчилер тобу, "Азия MIX" командасы, "Тумар" бийчилер тобу, "Маш ботойду" дүйнөгө дүӊгүрөткөн 1000 комузчу өлкөнүн жаңы образын түзүшкөнүн белгилеген.

"Глобалдашуу процессинде кыргыз эли кайталангыс маданияты, салттары, элибиздин эркин мүнөзүнө төп келген жарашыктуу кийим-кечеги менен айырмаланып, атаандаштыкка жөндөмдүү экенин далилдеди", — деген Атамбаев.

Мындай иштердин бардыгы маданият кызматкерлери тарабынан ишке ашып жатканын белгилеген мамлекет башчы маданият адамдарына ыраазычылык билдирди.

"Далай оор сыноолорду жеӊип отуруп, ата-бабалар мурасын сактап, кийинки муунга жеткирип жатканыӊыздардын өзү алкоого арзыйт. Кымбаттуу маданият кызматкерлери, майрамыңыздар кут болсун", — деп куттуктаган президент.

Ал маданияттын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0