Манасчы Дөөлөт Сыдыков Уфада өткөн айтуучулар сынагынан 1-орун алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун арихвдик сүрөтү
Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун арихвдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыдыков сынактын биринчи күнүндө "Манас" эпосунун "Алмамбеттин окуясын" айтса, экинчи күнү "Семетейден" "Каныкейдин Тайторуну чабышын" айтканын кошумчалады.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Башкыртстандын Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат болду. Бул тууралуу манасчы өзү билдирди.

Анын айтымында, аталган конкурска Россияга караштуу элдин эпос айтуучулары катышкан.

"Алардан тышкары Кыргызстан менен Казакстандан да өкүлдөрдү чакырышыптыр. Анткени чыныгы айтуучулук өнөр бизде гана сакталып калган. Негизинен башкырлар, ногойлор, хакас, тува, якут, алтай элинин өнөрпоздору келди. Бирок алардын көбү кара сөздү аралаштырып айтса, дээрлик бардыгын музыка коштоп турат экен", — деди манасчы. 

Сыдыков сынактын биринчи күнүндө "Манас" эпосунун "Алмамбеттин окуясын" айтса, экинчи күнү "Семетейден" "Каныкейдин Тайторуну чабышын" айтканын кошумчалады.

Айтуучулардын сынагы быйыл биринчи жолу уюштурулуп, кыргызстандык өнөрпоз Уфага "Айгине" фондусунун демилгеси менен барып келген.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0