БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мектеп командалары Кыргызстандын Шайырлар жана тапкычтар клубунун жогорку лигасынын 22-сезонун ачышат.
Ачылышы 6-ноябрда Кыргыз драмалык театрда өтөт.
Биринчи бөлүгүндө мектеп командалары эң мыкты тамашалары менен чыгышат. Долбоорго сегиз команда өттү. Андан кийин улуу командалар катышат, саны азырынча тактала элек. Алардын программасында эки конкурс болот: "Саламдашуу" жана "үч тамаша… жөнүндө". Финалдык 1/8 мелдеши 4-декабрда өткөрүлөт.