Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" тасмасы "Бастау" фестивалына чакырылды

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРКыргызстандык режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" аттуу тасмасынан кадр
Кыргызстандык режиссер Нуржамал Дамирдин Фрунзе аттуу тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр аталган фестивалда кыргызстандык режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" тасмасы баш байгеге ээ болгон.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Нуржамал Дамирдин "Фрунзе" аттуу тасмасы Алматыда өтө турган "Бастау" фестивалына катышмай болду. Бул тууралуу белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Пресс-конференция в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан съемочной группы кыргызской киноленты Завещание отца - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасын "Оскарга" алып баруучу топко АКШ визасы берилбей жатат
Анын айтымында, эл аралык сынак 24-октябрда башталат. Студенттик тасмалардын VI фестивалынын алкагында "Фрунзе" тасмасынын көрсөтүлүшү 28-октябрга белгиленген.

Фестивалдын жүрүшүндө студенттер үчүн белгилүү ишмерлерден мастер-класстар, ар кыл иш-чаралар пландаштырылган.

Эскерте кетсек, былтыр аталган фестивалда кыргызстандык режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" тасмасы баш байгеге ээ болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0