10:21 05 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кыргыз аскерлери желек менен. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда патриоттук ыр аныкталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
221 0 0

Патриоттук ырлардын "Кыргызстан-25" жабык конкурсун өткөрүүнүн алкагында эң патриоттук деп табылган музыкалык чыгармалар аныкталды.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстанда эң патриоттук ыр деп Эсенгул Жумабаев менен Асан Жакшылыковдун "Ураан" деген ыры аталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Патриоттук ырлардын "Кыргызстан-25" жабык конкурсун өткөрүүнүн алкагында эң патриоттук деп табылган музыкалык чыгармалар аныкталды.

Конкурсту уюштуруучу комитеттин мүчөсү, КР Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев билдиргендей, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын алкагында бул конкурсту өткөрүү жакшы жышаан болгон.

Конкурска жалпысынан 46 билдирүү түшүп, алардын тогузу конкурстун шарттарына туура келбегендиктен артка кайтарылган.

Жыйынтыгында калыстар 37 ишти карап, анын уккулуктуулугуна, текстин мазмунуна жана маанисине, музыкасына, аткарылышына маани беришкен. Конкурска келген эмгектер упай менен бааланган.

Натыйжада баш байге "Ураан" чыгармасына ыйгарылган.

  • 1-орун — "Кыргыз Руху", автору Кадыралы Артыков, сөзү К.Иманкулова.
  • 2-орун — "Табият", автору Кыдыкбек Усупбаев, сөзү Чыныбай Турсунбеков.
  • 3-орун — "Бишкек шаарым", автору Наргиза Курманова.

Ошондой эле бир катар авторлорго да сыйлыктар тапшырылган.

Тема боюнча

Кыргызстандын гимни дүйнөнүн ар тарабынан жаңырды
Болочок офицерлер Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик гимнди аткарышты
Белгилер:
ыр кесе, конкурс, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ