"Азия MIX" Бишкектеги КВН оюнуна катышат

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" КВН командасы. Архив
Азия MIX КВН командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым финалда үч сынак өтүп, ага 8 команда катышат. Иш-чарага конок катары чакырылган "Азия MIX" көрүүчүлөргө өзүнүн программасын тартууламакчы.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын жарым финалдык беттеши өтүп, ага "Азия MIX" командасы конок катары чакырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине лиганын директору Александр Ященко билдирди.

Оюн 23-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратында өтүп, саат 19.00дө башталат

Яшенконун айтымында, жарым финалда сегиз команда ат салышат:

 

  • "Бруклин" (Бишкек);
  • "Инте_ко" (Бишкек);
  • "Маб" (Алматы);
  • "Жайдарман" (Алматы);
  • Тажикстандын курама командасы;
  • "Позитифф" (Бишкек)
  • "Элдин балдары" (Бишкек);
  • "Аюкей" (Бишкек).

 

Командалар "Саламдашуу", "Биатлон" жана "Бир ырдын сынагы" аттуу үч конкурста таймашат. Төрт мыкты команда (дагы бирөө кошулушу мүмкүн) финалга чыгат.

Билеттердин баасы 500 сомдон 1000 сомго чейин бааланууда.

Эскерте кетсек, "Азия MIX" 23-декабрь күнү Москвада КВНдин Жогорку лигасынын финалында ойнойт

Жаңылыктар түрмөгү
0