Дүйнөлүк туристтик уюм Көчмөндөрдүн III оюндарын кошо өткөрүшмөй болду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦеремония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области
Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк туристтик уюм БУУнун туристтик саясатын жүргүзгөн атайылаштырылган мекеме. Ага 157 мамлекет мүчө болуп, 32 аймак кирген.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк туристтик уюм 2018-жылы өтө турган Көчмөндөрдүн III оюндарын Кыргызстан менен кошо өткөрүшмөй болду. Бул тууралуу Монголияда өтүп жаткан Көчмөн туризм жана Жибек жолундагы шаарларды туруктуу өнүктүрүү боюнча аталган уюмдун жыйынында белгилүү болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп аткан кезде - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев БУУга Көчмөндөр оюндарын дайыма колдоп турууну сунуштады
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсү боюнча жыйын алкагында Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи КРдин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов менен жолуккан.

Иш-чарада Кыргызстандагы туризмди араб өлкөлөрүнө жайылтуу, Монголия менен Кыргызстандын көчмөн цивилизациясынын бирдиктүү туристтик өндүрүмүн түзүү маселелери талкууланды.

"Дүйнөлүк туристтик уюм 2018-жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарын кошо өткөрүшүүгө даяр экенин билдирди. Бул Кыргызстан үчүн ири колдоо жана Көчмөндөр оюндарын глобалдуу деңгээлге алып чыгууга чоң мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта. 

Дүйнөлүк туристтик уюм БУУнун туристтик саясатын жүргүзгөн атайылаштырылган мекеме. Ага 157 мамлекет мүчө болуп, 32 аймак кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0