"Үмүт" форумуна катыша турган кыска метраждуу тасмалар аныкталды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКинокамера коюлган стенд. Архивдик сүрөт
Кинокамера коюлган стенд. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара быйыл биринчи ирет эл аралык деңгээлде өтөт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин тасма форумуна Кыргызстандан 13 кыска метраждуу тасма катыша турган болду. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Оскар киносыйлыгынын статуэткалары - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Оскар сыйлыгынын узун тизмесине кирди
Эскерте кетсек, эл аралык иш-чара үстүбүздөгү жылдын 28-31-октябрь күндөрү өтөт. 

Маалыматка ылайык, сынакка Кенжебек Шайлообаевдин "Тегирмен", Кымбат Адылбекованын "Таксист", Бакай Үсөналиевдин "Шакек", Айнура Чарчанбаеванын "Адамзат", Салтанат Зарнаеванын "Үй", Бекинай Токтосунованын "Будь чудом", Бектурган Кундузбековдун "Дүбүрт", Зирегүл Кубандык кызынын "Лунатик", Дастан Мадылбековдун "Шляпа", Болсунбек Таалайбек уулунун "Олжо", Нуржамал Дамирдин "Фрунзе", Азат Мамуновдун "Портрет" жана Акыйкат Аскаровдун "Заплыв" тасмалары ат салышат.

Быйылкы форум Гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фонд тарабынан колдоого алынып, КМШ өлкөлөрү, Грузия жана Балтика мамлекеттери катышат. Буга чейинки форумдар улуттук деңгээлде өтүп келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0