Кеп казына. Теңир керемети даарыган Куйручук

© Фото / Эркин БолжуровБалбал таштар, архивдик сүрөт
Балбал таштар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Куудул, сынчы, чечен, балбан, манасчы, ырчы, акын, санжырачы, жомокчу, олуя, анык психолог, берешен Кудайберген Өмүрзак уулу (Куйручук) 1866-жылы Кулжыгач (азыркы Жумгал району, Кызылтуу айылы) жарык дүйнөгө келип, 1940-жылы көз жумат…

Эки жашында энесинен айрылып, бешке чыкканча "куу далы", "итий" болуп, жетиге чыкканча бечел болуп баспай, ар кимден кагуу жеп чоңойгон. Өнөрү эрте калыптанган. Чыгаан саясатчы Байзак баатыр Кудайбергенди Куйручук атка кондурган.

Куйручук узун бойлуу, кере карыш жаактуу, сөөк-саактуу, жазы далы, жайык төш киши экен. Жигит чагында он жети (кээ бир маалыматтарда он сегиз) жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Он алты жолу жыгып, бир жолу жыгылыптыр..

Анын "Бейиштеги үн", "Арбак", "Айып кимде", "Жалаа", "Манасым барда кайда болсо коном" жана башка жоруктары эл арасында кеңири белгилүү.

Жаакта жок чечендиги

Бир күнү Куйручук эт жеп жаткан манаптардын үстүнөн чыгат. Улагага тура калган Куйручукка бирөө бир кесим эт берсе, жеп жиберип тигилерди тиктеп калат. Кайра бир кесим эт сунса кайра да ошентет. Анда ал: – Мунуңар тойбогон неме го, эшикке чыгарып жиберсеңерчи, – дейт. Куйручук: – Ушунча жумурай журтту жалмап жеп жаткан сен тойбогон, ушул бир үзүм этке мен тоймок белем – деп кайра анын шермендесин чыгарат.

Кырчын жайлоосундагы боз үйлөр, ахривдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Сөзү калкына эм болгон Кыдыр аке
Куйручук бала кезинде Байзактын айылына барса, алгач кымыз, аңгыча эт тартылат. Аксакалдарга устукан тийип, жаштары эт туурайт. Куйручук да эт туурап, ара-чолодо эт жегенге да үлгүрүп, этти баарыдан мурда туурап бүтөт. Туураган эт алдыларына келгенде үч жолу алат да чыга берет. Аны байкап калган Байзак: – Алсаң боло, ал! – десе: – Шумкар бир тойгон соң экинчи кол салбайт, – дейт. Жаш балага таң калган Байзак: – Атаңдын көрү, э-эй… береги Куйручуктун айтканын көрбөйсүңөрбү. Сөзү чечекейдей, көзү күйүп турат, тегин уул болбойт, – дейт. Куйручукка ушул сөзү үчүн ат мингизип, эски чапанын жабат.

Куйручук 1916-жылы Үркүндө Турпан жергесине качып барып туруп калат. Ал жердеги Түкбаш байга келип, "9 эшек көтөрө алгыдай эгин жүктөп бер" десе, Түкбаш:

— Кулагы жок чунак Куйручук,
Куйругу жок чолок Куйручук.
Өйдө чыксаң өбөксүң Куйручук,
Ылдый жүрсөң жөлөксүң
Арка кылаар элиң кайда?
Азык берээр жериң кайда?

Анда Куйручук:

— Кулагым чунак болсо — шумкармын
Куйругум чолок болсо — тулпармын.
Кулагы узунду эшек дейбиз,
Куйругу узунду ит дейбиз.
Өбөксүз өйдө чыксам — жүрөгүм таза.
Жөлөк коюп таяк алганды ууру дейбиз.
Арып-агып алыстан келдим.
Арка болчу эл ушул!
Тентип-тентип тегимден келдим,
Эне болчу жер ушул.
Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт.
Өйдөсүнгөнгө өр бар,
Өбөктөйт да жүгүнөт.
Жалгыз десең, күнгө тилиң тийгени.
Жарык берген дүйнөгө,
Жарды десең, айга тилиң тийгени, — деп жооп берген.

Олуялыгы

Куйручукка бирөө салам айтса, алик албайт.

— Арам эт жыттанбай ары тур, — дейт. Ошол жерде турган бирөө:

— О кокуй, эмнеге арам эт жыттанып калды?— десе:

— Бул ит кечинде коюна кошулуп келген кошунасынын жалгыз коюн жеп алган, — дейт Айыбы ачылган тиги киши калтырап-титиреп, кызыл-тазыл болуп:

— Туура, туура. Үч эсе төлөйм, — деп чуркап жөнөгөн экен.

***

Баласыз бирөөгө бата берип, "сен уулдуу болосуң, уулуң 17ге чыкканда Батышта алаамат болуп, ошол жака кетип келбей калат, тукумсуз калат экенсиң", — десе тиги киши Куйручукту аябай жаман көрүп калат. Айткандай уулдуу болуп, согуш чыгып, баласы согушка кетип кайтпай, тиги киши тукумсуз калат.

***

Атактуу Шабдан баатыр дагы жакшы көрчү экен. Таяке-жээн болуп катташып жүрчү дешет. Баатыр дагы куудулдун сөзүн эки кылчу эмес. Бир жолу Куйручук баатырдыкына келип, аябай сый көрөт. Сапары карыганда Шабданга кайрылат:

— Баатыр, менин кете турган учурум келип калды. Кайтышым керек.

— Таякеге белек-бечкек камдап, ат жетелетип, үстүнө чапан жапкыла — дейт.

— Мага эчтекенин кереги жок. Үйдөгү сол жактагы сандыкта көп кездемелердин арасында көк жашыл болуп кубулган бир кездеме жатат, ошону алам, — дейт. 

Баатыр да, эл да таң калат. Байбичеге киши жиберсе, ал күлүп:

— Мени менен сандыкка кездеме салышып жүргөнсүгөн таяке. Бул кездеме бир жылдан бери жатат, — деп алып чыгат. Дагы бир ирет эл куудулдун олуялыгына таң калган экен.

Берешендиги

Селкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Саринжи-Бөкөй" жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма
Анжиян тараптан келген бир соодагер сарт өрүк-мейизинин кочушун койго, табагын тайга, маталарын малга, ала-кийиз, шырдакка, чай-чамек, кант-набатын суусар, сүлөсүн, карышкыр терилерине мата айырбаштайт. Бир тоголок кантын бекер бербей, жедеп элеттен таалимин алып бүткөн неме.

Күн ысык, кымызга тойгон соодагер, ныксырап уктап, бир эшегин минип, бир эшегин жетелеп келе жаткан болот. Экинчи эшегине болгон байлыгын арткан экен. Соодагерди көргөн бала куудул Куйручку энеден туума жылаңач болуп, кара баткакка оонап, куураган жалбырактарды денесине чаптап, арткы эшектин жүгөнүн шыпырып, өз башына тагып, бир топ жерге барганда тырышып баспай туруп калат. Сарт ашата сөгүнүп, артын карап, тири суук айбанды көрүп, кыйкырганга чамасы келбей, артын карабай качып жөнөйт. Ошону менен элди алдаган сарт экинчи келгис болот. Кукең маталарын кемпир-чалдарга, таттуу-паттуусун балдарга таратып бата алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0