"Үмүт" кинофоруму биринчи жолу эл аралык деңгээлде өтөт

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архивдик сүрөтКинопленка. Архивдик сүрөт
Кинопленка. Архивдик сүрөтКинопленка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бул кинофорум улуттук масштабды гана өтүп келген. Форумдун программасында 49 тасма бар, анын 39у кыска метраждуу картиналар.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин "Үмүт" форуму 28-30-октябрда Бишкек шаарында өтөрүн Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүүдө.

Форумдун алкагында КМШ мамлекеттеринин жаш режиссерлорунун эл аралык жана улуттук конкурстары өтөт. Буга чейинки үч форум улуттук деңгээлде гана өткөрүлгөн.

Программага ылайык төрт конкурс болот:

  • Эл аралык көркөм тасмаларынын конкурсу — 15 тасма;
  • Даректүү тасмалардын эл аралык конкурсу — 12 тасма;
  • Улуттук көркөм тасмаларынын конкурсу — 12 тасма;
  • Даректүү тасмалардын улуттук конкурсу — 10 тасма.

Ар бир конкурстук программадагы тасманы ар башка калыстар карайт. Алардын катарында киносынчылар, кинотаануучулар, режиссерлор, КМШ жана Балтика мамлекеттеринин продюсерлери болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0