Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот

© Sputnik / Жоомарт УраимовКР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова
КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29 жашында турмушка чыгып, отуз жашында бала жытын жыттап, анан бир жылдан кийин сүйгөн кесибин улантуу прима-балерина үчүн баалуу жетишкендик.

КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты, ак куудай койкойгон Асел Айдарова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. 

— Саламдашканда колуңузду катуураак кысып алган жокмунбу? Балериналар аябай назик көрүнөсүңөр дегеним?

— Тескерисинче, бийлеп жатканда өнөктөшүбүзгө денени катуураак карма дейбиз. Буттун учу менен туруу, түрдүү кыймылдарды жасоо жеңил болот. Бирок жалпысынан бий назиктикти талап кылат.

— Сизди учурдун жаш, белгилүү балет бийчиси катары билебиз. Бул өнөрдү кантип аркалап калдыңыз?

— Таякем Кулубек Ишеналиев көп жыл бою театрда балет бийчиси болуп иштеген. Анын өнөрү мага да шык берди. Таякем "бул абдан оор кесип, чыдай аласыңыбы?" деп сурачу. Мен "чыдайм" дегем. Балет училищесине тапшырып, сегиз жыл окудум. Кийин Улуттук консерваториядан режиссер-балетмейстерлик жаатында билимимди жогорулатып алгам.

— Балеттин талаптары да катуу экен. Маселен, сиңдимди жамбашы чоң экен деп кабыл албай кыйнашкан?

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
— Көбүнчө баланы ата-энесине карап туруп билип коюшат. Эгер алар толук болсо, кийин бала дагы толуп кетиши мүмкүн. Кабыл алуу үч тур менен өтөт. Биринчиден келбетиңди байкап, буту-башыңды чоюп, секиртишет. Экинчиден, саламаттык чоң мааниге ээ. Эң ириде көзүң жакшы көрүшү керек. Үчүнчүдөн, музыканы уга билүү жөндөмдү карайт. Коюп берген музыканы кыймыл менен коштоп беришиң керек. 

— Көзгө эмнеге басым жасайсыңар?

— Сахнадагы жарыктар көп учурда көздүн нурун жеп коет. Ошого туруштук беришиң керек. 

— Келиңиз, сиздин жараткан ийгиликтер, сахнада жараткан ролдоруңуз тууралуу сүйлөшөлү. Бийдин аркасы көп мамлекеттерде болсоңуз керек?

— Театрда алгачкы жолу "Ак куу көлү" балетиндеги Одетта менен Одиллиянын ролун ойногом. Ошондон тартып Чолпонбек Базарбаев сыяктуу кыргыздын белгилүү балет бийчилери менен биргеликте дүйнөлүк гастролдорго чыга баштадым. Андан бери үлкөн мамлекеттердеги фестиваль, конкурстарга катышып алдыңкы орундарды багындырдык. Роза Отунбаева президент болуп турганда өнөктөшүм Талант Осмонов менен Вена шаарына стажировкага барып келгенбиз. Мен үчүн бул сапар чыгармачылыгыма чоң дем берди. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алсам, 2010-жылы маданиятка жана искусствого кошкон салымым үчүн КР президентинин Ардак грамотасы менен сыйландым.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАсел Айдарова: азыр менин курагым сынактарга катышууга жол бербейт. Адатта конкурстарга 15 жаштан 26 жашка чейин эле катыша аласың. Бизге салыштырмалуу операда элүү жашка чейин ырдоо мүмкүнчүлүгү бар
Кыргызстанская прима-балерина Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Асел Айдарова: азыр менин курагым сынактарга катышууга жол бербейт. Адатта конкурстарга 15 жаштан 26 жашка чейин эле катыша аласың. Бизге салыштырмалуу операда элүү жашка чейин ырдоо мүмкүнчүлүгү бар

— Мындан кийин дагы сынактарга катышайын деген оюңуз барбы?

— Азыр менин курагым сынактарга катышууга жол бербейт. Адатта конкурстарга 15 жаштан 26 жашка чейин эле катыша аласың. Бизге салыштырмалуу операда элүү жашка чейин ырдоо мүмкүнчүлүгү бар.

— Балеттин тили менен айтканда жашыңыз ортолоп калыптыр. Бул тармакта дагы канча убакыт кармаласыз?

Залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Калый Молдобасанов тууралуу 5 факты. Манасчынын композитор тукуму
— Биз 38 жаштан пенсияга чыгабыз. Балеттин өмүрү кыска. Ошон үчүн бардык спектаклдерде ойноп, сынактарга катышып алышың керек. Учурда 32 жаштамын. Жыйырма тогуз жашымда турмушка чыгып, отузумда балалуу болдум. Азыр кайра сүйгөн кесибимди улантып жатам. Чындыганда формага келүү кыйын болду. Боюмда болгон кезден баштап бийлеген жокмун. Ар бир дасыккан балерина тажрыйбасын жаштар менен бөлүшкүсү келет. Мен азыр сабак бере баштадым. Жаракатың аз болсо элүүгө чейин бийлесең болот. Бирок кырк жашымда балеттен кетсемби деген оюм бар. 

— Сизде да жаракаттар көп болсо керек?

— Колумда, бутумда жана белимде бар. Биздики көп учурда сынбайт. Болгону чоюлуп калат. 

— Өткөндө интернетте балерина кыздын буту талкуу болуп жатты эле. Анда пуантысын чечкенде ичинин баары кан экен. Силердики дагы ошондой абалга жетеби?

— Көпчүлүк балериналар көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрүшөт деп ойлойт. Негизи буттун учун лейкопластрь менен орогондон кийин пуантыны кийип алып бийлеш керек. Кийбегендердики ошентип канап, анан зыркыратып ыйлата баштайт. Биз ошон үчүн тырмактарды өстүрбөйбүз. Өздөрү көгөрүп түшүп, ичке кирип, бармактын сөөгү чыгып бир башкача формада болуп калат. Кийин варикоз дагы пайда болот экен. Мындайда туфли кийгенден да кыйналабыз. 

— Аябай арык экенсиз. Ушунун баары диетаданбы?

— Диета деле кармабайм. Ата-энем арык кишилер. Тамакты ылгабайм. Жасаганды дагы, жегенди дагы жакшы көрөм. Азыр салмагым 45 кг, боюм 167 см. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАсел Айдарова: бизде орточо айлык 5000-6000 сом. Көбү окугандан кийин чет мамлекеттерге кетип калат же экинчи жумушту аркалашат. Мен дагы мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрдүм. Биздин дене түзүлүшүбүз алардын талабына туура келет экен
Кыргызстанская прима-балерина Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Асел Айдарова: бизде орточо айлык 5000-6000 сом. Көбү окугандан кийин чет мамлекеттерге кетип калат же экинчи жумушту аркалашат. Мен дагы мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрдүм. Биздин дене түзүлүшүбүз алардын талабына туура келет экен

— Сахнадагы кызыктуу учурлардан эстей кетпейсизби?

— Бир жолу өнөктөшүм роль боюнча жерге жатып калмак. Мен бийлеп жаткам, ал бир аздан кийин туруп мени көтөрүшү керек эле. Карасам дагы деле жатат. Эмне кыларымды билбей эптеп жаңсап атып тургузгам. Мындайлар көп болот. Көрүүчүлөргө билдирбей чеберчилик менен алып кетишиң керек. 

— Чыгармачыл адамдардын эмгек акысы чеке жылытаарлык эмес экендиги баарыбызга маалым. Сизди балетте эмне кармап турат?

Асель Даниярова - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик пенсионер кантип мугалимдерди Москвага өз эсебинен алып барып калды
— Балетке болгон сүйүү болуш керек. Бизде орточо айлык 5000-6000 сом. Көбү окугандан кийин чет мамлекеттерге кетип калат же экинчи жумушту аркалашат. Мен дагы мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрдүм. Биздин дене түзүлүшүбүз алардын талабына туура келет экен. Азыр эми айлыкты көбөйтүп жатышат, жазында президенттик стипендия дагы кошулган.

— Чет мамлекетке иштегенге сизге да сунуштар түштү беле?

— Дарак бир жерден көгөрөт деп коюшат. Анын үстүнө сунуштар болгондо ата-энем жибербей коюшкан. Таякем Мексикада иштеп жүргөндө рак илдетине чалдыгып каза болду. Ошондон улам коркушса керек.

— Голливуддун кинолорунда сахнага чыгарга аз калганда костюмдарды кесип, пуантыга ийне салып кеткендер болот эмеспи. Сизге бул көрүнүштөр таанышпы?

— Мындай жагымсыз нерселер бизде да болот. Мен күбө болгом. Азырынча өзүмдүкүн кесише элек. Мыкты бийчи экениңди сахнадан далилдегениң туура деп ойлойм. 

— Силерди ырчылардын клиптеринен жолуктуруу кыйын. Мыкты ырды балет бийинин коштоосунда тартса, менимче, жакшы болмок?

— Биз түрдүү музыкага жараша бийлей алабыз. Азыр классикалык балеттен тышкары заманбап, модерн деген түрлөр бар. Чынын айтканда мага бир дагы сунуш түшкөн эмес. Болсо ойлонуп көрмөкпүз. Эмнеге болбосун?.. 

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Декреттен кийин жумушка чыкканыма аз эле болду. Формага келип, өзүмө кам көрүп жатам. Жолдошум бийле деп карьерама колдоо көрсөттү. Азыр театрда саат экиге чейин иштеп, кошумча көркөм гимнастикадан жетиге чейин сабак берем. Кийинчерээк жаштарга бий үйрөтүүчү мектеп ачсамбы деген планым бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0