Кеп казына. Сөзү калкына эм болгон Кыдыр аке

Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Бугу уруусунан чыккан сынчы, элчи, саяпкер, олуя, комузчу Байсары уулу Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Чоң атасы Олжобай "Арык" тукумун башкарган бий болгон. 

Кыдыр аке Көлдүн жети акесинин эң кичүүсү. 18 жашында болуштукка отуруп, андан кийин үч жолу удаасы менен шайланат. 83 жашка чыккыча акылынан адашпай, сөзүнөн жаңылбай, 1926-жылы 26-март күнү дүйнө салат. Элүүдөй бээ, жүздөй майда мал союлуп, тажыясына үч жарым миң адам келген. Сөөгү Кереге-Таштын тоо тарабына коюлган. Кыдыр аке өз мезгилинде эл башчыларынын арасынан биринчилерден болуп орустар менен тынч жашоого үндөгөнү тарыхый чындык. 

***

"Ниетиңди оңдо, пейилиңди бузба, ач көздүккө азгырылба"

***

"Урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың"

***

"Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок”

***

Сынчылыктан бир көрүнүш

Кыз куумай улуттук ойуну, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Сокур да болсо сөзү бар, сөздөрүнүн көзү бар Барпы акын
Элдин көйгөйүн чечкен кайсы бир жыйында Кыдыр акенин сынчылыгы билинет. Ал кездеги жыйындар элдин көйгөйүн чечип, талаш маселелер жолго коюлгандан кийин ар бир жыйын манасчы, ырчы-чоорчулардын таң тамашасы менен аяктаган. Ошондо көпчүлүктө жамактатып төгө калган, эр эңишке түшүп күч сынашып жүргөн Ыбырай деген жаш жигит келип, жаңы күү жаратканын айтып, "Боз салкын" деген күүсүн чертип берет. Ошондо Кыдыр аке "Балам, сен мындан ары жамактатып ырдап, айтышканыңды токтот, сенден кара күүнүн атасы чыгат. Сен күү чыгарганга басым жаса" деп, ак батасын бериптир. Ошентип калың элге кара күүнүн атасы атыккан кадимки Ыбырай Туманов Кыдыр акеден сөзү менен өзүнүн чыгармачылык дараметин жалаң комузга арнап калган экен. 

***

Дүрбөлөңдү жөнгө салган Кыдыр аке

Кыдыр акенин иниси Быйтыман 1905-1907-жылдары Арык тукумунун болуштугуна шайланып, биринчи эле жылы тогуз ирет топ жыйып, эчендерге чыгым тарттырып, тогуздап айып салыптыр. Арыктын эки баласы Балтатыр, Жоотатыр ортосунда ырк бузулат. Болуучу топто чатак чыгарын билип, Кыдыр топту өткөрбөгүлө дегенине болбой, жыйында Балтатырдын Сарыкесинин баласы Деркенбай Быйтыманды атып өлтүрөт. Жоотатыр тарап: "Балтатырдын тукумун чаап, Сарыкенин тукумун кызыл уук кылыш керек" деп бүтүм чыгарганда Кыдыр аке:

— Өлөр жигит өлдү, чабышты койгула. Элге кыйын болот, — деп кайрылат. 

Жоотатырдын жигиттери Түргөн ичиндеги Ондон, Сарыке уругун чаап кетет. Жабыркаган тарап губернаторго барып калкаланат.

Саймалу-Таш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Кет Буканын олуялыгы: кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун...
Кыдыр аке Боз-Учуктун башына Арык тукумунун башын кошкон топ өткөрөт.

— Кагылайын калайык, Быйтыман менин иним болсо, Деркенбай да иним. Күнөө экөөндө тең бар. Атабыз Арык. Эки бир тууган чабышып жатсак, тыштан караган душмандын майына от чачырабайбы. Чырды тынч бүткөрөлү, — деп бийлер кун төлөчүлөргө кун төлөтүп, айып тартуучулар айыбын төлөп, толкуган эл токтоптур. 

Быйтыманды аткан Деркенбайды ойоздун сотуна беришип, үч жылга кесилет. Дүрбөлөңгө түшкөн элди сөзүнүн чеберлиги менен токтотуп койгон касиетке ээ эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0