Тогуз-Торо району 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКомузчу кыз. Архивдик сүрөтү
Комузчу кыз. Архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган район алгач, Нарын облусунун аймагына караштуу болсо, кийин Жалал-Абад облусунун карамагына киргизилген.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тогуз-Торо районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата аталган аймакта мааракелик салтанат өтүп жатат.

Кыргызстандын багымсыздыгына карата арналган мааракенин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых жана маданият жылына арналган мааракелер кайда кантип белгиленет?
Райондун борбору Казарман айылында чакан парад уюштурулуп ага райондогу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерден тарта өндүрүш, айыл чарба жаатындагы фермелер чыкты.

Райондун юбилейлик мааркесине Жогорку Кеңештин төрагасы Турсунбай Чыныбеков катышууда. Расмий салтанат аяктаган соң, сейил бак ачылып, мааракени кыргыз искусство өнөрүнүн адамдары, эстрада ырчылары катышкан ири программадагы концерт жыйынтыктайт.

Аталган район алгач, Нарын облусунун аймагына караштуу болсо, кийин Жалал-Абад облусунун карамагына киргизилген. Кыргызстандагы эң алыскы аймактарынын бири. Калкыны саны болжол менен 22 миң адамдан ашуун. Аймакта 1986-жылы "Макмал" алтын кен комбинаты ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0