"Сейде" тасмасы Кыргызстанда алгачкы ирет көрсөтүлөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка, архивдик сүрөт
Кинопленка, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Белгилүү режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейде" тасмасы Кыргызстанда алгачкы ирет көрсөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Элнура Осмоналиева билдирди. 

Биринчи мугалим тасмасынан алынган кадр, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шри-Ланкада тартылган Айтматовдун "Биринчи мугалими" Алматыда көрсөтүлөт
Анын айтымында, "Сейде" тасмасы 1-октябрь күнү саат 18:00дө Борбор Азиядагы Америка университетинде көрсөтүлөт. Каалоочулар hs@bilimkana.kg электрондук дареги аркылуу жазылса болот.

14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт. 

"Сейде" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы былтыркы жылдын сентябрь айында Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалда тартууланган. Андан кийин АКШнын Санденс шаарында жана Франциянын Клермон-Ферране шаарында өткөн эл аралык фестивалда көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0