Сауд Аравияда Кыргызстандын маданияты тартууланат

Жазылуу
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы протоколдордун долбоору жана октябрда өтө турган Кыргызстандын маданият күнү талкууланды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Сауд Аравия падышачылыгында (САП) Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

КРнын элчиси Абдилатиф Жумабаев Сауд Аравиясынын маданият жана маалымат министри Абдалла Аль-Ахмари менен жолугуп, иш-чаранын программасынын долбоору талкууланды. Маданият күндөрүнүн так датасы азырынча белгисиз. 

Иш-чаранын алкагында кыргыз өнөрпоздорунун концерти, тасмалар тартууланып, туристтерге арналган көргөзмө-жарманке уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0