"Мекенге таазим" I адабий фестивалы бул жумада башталат

Жазылуу
Акыркы 25 жыл ичинде жазуучулар арасында мындай адабий фестиваль биринчи жолу өтүп жатат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жаш жазуучулардын "Мекенге таазим" аттуу I адабий фестивалы 22-сентябрда башталат. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Мекенге таазим" адабий фестивалы өз ишинин биринчи этабын жети облустун жаш жазуучуларынын чыгармаларын тандоо менен баштаган.

Дирекциядан акыркы 25 жыл ичинде жазуучулар арасында мындай адабий иш-чара биринчи жолу өтүп жаткандыгын айтышты.

"Региондордон 25 адам, Бишкек шаарынан 70тен ашык катышуучунун аты-жөнү аныкталды. Фестивалдын алкагында "Жаңы ысымдар" адабий сынагы болот", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Иш-чаранын жыйынтыгында жаш акын-жазуучулардын мыкты деп тандалып алынган чыгармалары китеп кылып басууга сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0