"Асман алдында" тасмасы Италия менен Кытайдагы фестивалга чакырылды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында бир жыл аралыгында тартылган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Кытай менен Италия мамлекеттеринде өтө турган эл аралык кинофестивалдардын программасына киргизилгенин Кинематография департаменти билдирди.

Манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манасчылар тууралуу "Дүбүрт" тасмасы тартылды
Маалыматка ылайык, Кытайдын Фужо шаарында боло турган Улуу Жибек жолу мамлекеттеринин үчүнчү эл аралык кинофестивалы 19-23-сентябрь күндөргө белгиленген. Мындан тышкары, кыргызстандык тасма Италиянын Рим шаарында өтө турган "Азия киносу" аттуу фестивалда көрсөтүлөт. Аталган иш-чара 27-сентябрдан 2-октябрга чейин уланмакчы.

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында Кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. Жалпы бюджети 6,5 миллион сомду түзгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0