Бишкекте республикалык комуз фестивалы өтөт

Жазылуу
Фестивалдын алкагында комузчу балдар менен кыздардын мелдеши болот.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта республикалык комуз фестивалы өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Селкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Саринжи-Бөкөй" жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма
Маалыматка ылайык, фестиваль 17-сентябрда өтөт. Аны Маданият министрлиги менен "Кыргыз Мырзалары" коомдук фонду уюштурууда.

Анын максаты кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузга жалпы элдин жана өзгөчө жаштардын кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет.

Фестивалдын алкагында он комузчу кыз менен он комузчу баланын мелдеши болуп, ар кыл сынактар менен коштолот. Андан сырткары, улуттук аспап комуздун көргөзмөсү да уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0