"Жаңы толкун-2016": үч этаптын жыйынтыгы менен Азыкбаев 4-орунда келе жатат

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүЭл аралык музыкалык "Жаңы толкун-2016" конкурсунда Кыргызстандын атынан чыккан ырчы Нурсултан Азыкбаев. Архив
Эл аралык музыкалык Жаңы толкун-2016 конкурсунда Кыргызстандын атынан чыккан ырчы Нурсултан Азыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль 3-9-сентябрь күндөрү Сочи шаарында өтүүдө. Бүгүн конкурстун расмий жабылып, салтанатта жеңүүчүлөрдүн аты аталат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Эл аралык музыкалык "Жаңы толкун-2016" конкурсунда Кыргызстандын атынан чыккан ырчы Нурсултан Азыкбаев акыркы этаптын жыйынтыгы менен төртүнчү орунду алды. Бул тууралуу конкурстун расмий сайтында кабарланат.

Конкурстун үчүнчү күнү Азыкбаев өзүнүн автордук "Аттиң ай" ыры менен чыккан.

Международный конкурс Новая волна 2016. День четвертый - Sputnik Кыргызстан
Жаңы толкун: көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө Азыкбаев алдыңкы үчтүктө келе жатат
Ошентип үч этаптын жыйынтыгы менен кыргызстандык ырчы 414 упай алып, 16 катышуучунун ичинен төртүнчү орунга ээ болду.

Биринчи орунду 425 упай менен эки ырчы – Хорватиянын өкүлү Dino жана италиялык ырчы Валтер Рикии ээлешти. Экинчи болуп Украинанын Галина Безрук аттуу ырчысы аталды. Андан кийин 420 упай менен грузиялык ырчы Гиорги Надибаидзе такымдп келе жатат.

Ал эми көрөрмандардын добушу боюнча Азыкбаев экинчи орунга чыкты. 9-сентябрдагы маалымат боюнча ырчыга 1408 адам добуш берген.

Жеңүүчүлөр бүгүн конкурстун жабылуу аземинде сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0