Жаңы толкун: көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө Азыкбаев алдыңкы үчтүктө келе жатат

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүМеждународный конкурс "Новая волна" 2016. День четвертый
Международный конкурс Новая волна 2016. День четвертый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-сентябрда башталган фестиваль 9-сентябрга чейин Сочи шаарында болот. Эки күндүн жыйынтыгы менен кыргызстандык ырчы 16 мамлекеттен келген катышуучулардын ичинен бешинчи орунда келе жатат.

БИШКЕК, 8-сен. – Sputnik. Жаш ырчылардын эл аралык "Жаңы толкун – 2016" конкурсунда көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө Кыргызстандын атынан катышып жаткан Нурсултан Азыкбаев үчүнчү орунда келе жатат. Бул тууралуу маалымат конкурстун расмий сайтында маалымдалды.

8-сентябрдагы маалыматтар боюнча СМС, VISA/Mastercard карталары жана Pay Pal менен 1051 киши добушун берген.

Добуш берүүнүн көч башында россиялык Ясения 1 193 добуш менен алдыда келе жатат. Андан кийинки орунда Грузиядан келген ырчы Алиса Данелия (1102 добуш) турат.

Комузчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кан кызыткан "Маш ботой". Күү тууралуу 7 факты
Онлайн добуш берүү 9-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 15.00дө аяктайт (Бишкек убактысы боюнча 18.00). Жеңүүчүлөр конкурстун жабылыш аземинде сыйланат. Нурсултан Азыкбаевге төмөнкү шилтеме аркылуу добуш берүүгө болот

Белгилей кетсек, бүгүн конкурстун III этабы өтөт. Анда кыргызстандык ырчы өзүнүн "Аттиң, ай" ырын аткарат.

Нурсултан Азыкбаев атактуу музыкант Курмангазы Азыкбаевдин уулу.

Жаңылыктар түрмөгү
0