ДКО: Кырчында шумкарды мыкты тарткан сүрөтчүлөр аныкталды

Жазылуу
Сынакка жети облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан келген 15 сүрөтчү катышкан.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кырчын жайлоосунда шумкарды мыкты тартуу боюнча конкурс өткөнүн Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Ага жети облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан келген 15 сүрөтчү катышкан.

"Биринчи орунду Айбек Шамшиев алса, экинчи орун Рамис Абылбажимовго буюрду. Ал эми Асан Раимкулов үчүнчү орунду ээледи", — деп айтылат маалыматта.

Байге фондусу 70 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле ителги салууга арналган көргөзмө уюштурулду.

3-сентябрда башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Анда 62 мамлекеттен келген спортчулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0