Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Тынымсыз Манас айтуу" фестивалы өтөт

Жазылуу
Аталган фестивалга Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков баш болгон 30 манасчы катышат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Экинчи дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюундарын алкагында Кырчын жайлоосунда манасчылардын "Тынымсыз Манас айтуу" фестивалы ѳтѳт. Бул тууралу "Саякбай манасчы" коомдук фонду билдирди. 

Визит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Актер Стивен Сигал Алмазбек Атамбаев жана Садык Шер-Нияз менен жолугат
3-8-сентябрь аралыгында ар күнү улуу жана орто муундагы манасчылар ирээти менен угармандарга Манас айтып берип, Манас дүйнѳсүндѳгү маанилүү маалыматтар, айтуучулук ѳнѳрдѳгү ѳзгѳчѳ ыкмаларды камтыган чеберчилик класстарын ѳткѳрүшѳт.

Жаш жеткинчиктер чоң манасчылардын тыныгуу убактыларында жалпы элге өз ѳнѳрлѳрүн тартуулайт. 

Аталган фестивалга Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков баш болгон 30 манасчы катышат. 

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0