Монреалда "Ата мурасы" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы өттү

© Фото / пресс-служба Минкультуры и туризма КР"Ата мурасы" аттуу кыргыз тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн.
Ата мурасы аттуу кыргыз тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик көрүүчүлөр оператордук, актердук кесипкөйлүктү жогору баалоо менен Кыргызстандын жаратылышына суктанышкан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Ата мурасы" аттуу кыргыз тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Канаданын Монреаль шаарында өтүп жаткан эл аралык кинофестивалдын алкагында 31-август күнү болгону тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 

Тасманын режиссерлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу болуп эсептелет. 

"Тасманын бет ачарына абдан көп көрүүчү келди. Талкууга регламент боюнча 20 мүнөт берилгени менен ал 40 мүнөткө созулду. Чет элдик көрүүчүлөр оператордук, актердук кесипкөйлүктү жогору баалоо менен Кыргызстандын жаратылышына суктанышты", — деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү эл аралык кинофестивалынын статуэткасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы катышуучулардан арыз кабыл ала баштады
Бет ачар аземин Кыргызстандын Монреаль шаарындагы консулу Александра Окунева, Элфильм кинокомпаниясынын өкүлү Динара Абдрахманова жана Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев өткөргөн. 

Эл аралык фестиваль 25-августта башталып, 5-сентябрга чейин созулат. Кыргызстандык тасма "Алгачкы фильм" сынагында ат салышып, үч күн көрсөтүлдү.

Ал эми режиссерлор учурда Бишкекте алдыда Россия, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүндө өтө турган кинофестивалдарга даярдык көрүп жаткан кези. 

Жаңылыктар түрмөгү
0