Көчмөндөр оюндарында "Город 312", Ottawan жана Гриффис ырдайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү"Город 312" группасы. Архив
Город 312 группасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жабылуу аземинде жергиликтүү жылдыздар менен бирге чет элдик ырчылар да өнөрүн тартуулайт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун жабылуу аземинде (8-сентябрь) бир катар дүйнөлүк жылдыздар ырдай турганын ДКОнун катчылыгы билдирди.

Ипподром. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маминспекция: Ипподром Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даяр
Иш-чаранын жабылышына 80-жылдарда жылдызы жанган франциялык Ottawan тобу келет. Мындан тышкары, "А'Студио" тобунун мурунку солисти Полина Гриффис, легендарлуу топ "Город 312" жана Казакстандын "Аюми" тобу, Turkvizyon-2013 сынагынын жеңүүчүсү азербайжандык Фарид Хасанов, Turkvizyon-2014 сынагынын финалисти түркиялык Килич Фунда өз өнөрүн тартууламакчы.

Өз талантын Якутиядан келген дуэт — Евгений Золотарев менен Намгар Лхасаранов да көрсөтөт. 

Мындан тышкары, белгилүү кыргызстандык бийчи Жан Воинов менен 2011-жылы АКШнын "Даңк мүнөтү" сынагынын финалисти Снап Бугие (Жаилон Андраде) бийлей турган болду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0