Чыгармачыл бирикмелер "Жаңы ысымдарды" чыгарат

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак Маданият министрлиги жана Кыргызстандын чыгармачыл бирикмелери менен биргеликте өтөт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чыгармачыл бирикмелер "Жаңы ысымдарды" чыгарат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Жаңы толкун музыкалык фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Азыкбаев "Жаңы толкунда" Лепс менен ырдайт
Аталган ведомствонун жетекчиси Түгөлбай Казаков Жазуучулар союзу, Театр ишмерлер союзу, Кинематографисттер союзу, Журналисттер союзу жана Композиторлор союзу менен жолукту. 

Мында чыгармачыл инсандар министр менен биргеликте көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүштү. Казаковдун сунушу менен "Жаңы ысымдар" сынагы уюштурулмай болду. 

Демилгеге ылайык, ар кыл тармак өзүнчө сынак өткөрүп, жаңы таланттарды алып чыгышы керек. 

Аталган сынак жаштарды колдоо максатынды уюштурулуп, ага бардык каалоочулар катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0