Кыргызстандык жазуучулар британиялык адабий сынакка чакырылды

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүДептерге жазуу. Архив
Дептерге жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын байге фонду 32 миң долларды түзөт. Баш байгеден сырткары алты номинация боюнча байгелер берилет.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жазуучулар эл аралык "Ачык Евразия" адабий сынагына чакырылды. Бул тууралуу сынактын Орто Азия боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Турнир буга чейин Open Cenral Asia and Eurasia деп аталып 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. 

"Байге фонду 32 миң долларды түзөт. Баш байгенин көлөмү 17 миң доллар болуп, ал каражатка жеңүүчүнүн китеби англис тилинде Лондондо чыгарылып, 2018-жылы Лондондо өтө турган китеп жарманкесине коюлат. Бул кыргыз жазуучулары үчүн чыгармачылыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жакшы шартты түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Баш байгеден сырткары алты номинация боюнча байгелер берилет. Аталган сынакта кыргызстандыктар буга чейин да ийгиликке жетишип келишкен. Өткөн жылы финалга Анастасия Ермолина чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0