Болот Шамшиевдин тасмалары өлкөнүн чар тарабында тартууланат

© Фото / Александр ФедоровРежиссер Болот Шамшиев жана актер Асанкул Куттубаев. Архив
Режиссер Болот Шамшиев жана актер Асанкул Куттубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара белгилүү режиссердун 75 жылдык мааракесине арналууда.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Кыргыз кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү режиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин тасмалары Кыргызстандын булуң-бурчунда көрсөтүлө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара режиссердун 75 жылдык мааракесине жана эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналууда.

"Программада режиссерго таандык "Караш-караш окуясы, "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан" жана "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" аттуу тасмалар тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Болот Шамшиевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет. 

Белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин сүрөт сүртүмдөрүн Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0