Көчмөндөр оюнуна дагы 6 мамлекет катышмай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан мамлекеттер. Архив
I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан мамлекеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда чет мамлекеттерден Көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланып жатат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу дагы алты мамлекет билдирме жөнөткөндүгүн катчылыктан кабарлашты. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кыргыз спортчулары улуттук кийими - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын спортчулары Көчмөндөр оюнунда чапан кийип чыгышат
Маалыматка караганда акыркы беш күндүн ичинде Белоруссия, Германия, Иран, Сербия, Чехия жана Япония Көчмөндөр оюндарына катыша турганын билдиришкен. Ошону менен жалпы 35 мамлекеттин өкүлдөрү Кыргызстанга келмей болушту. 

Учурда чет мамлекеттерден Көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланып жатат. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасында спорттун 26 түрү бар. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0