"Физрук, алтын, дарыя" тасмасы эл аралык сынактан баш байге утуп алды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада айына беш миң сом айлык алган дене тарбия мугалими Нарын дарыясынан кышы-жайы алтын издеп күн өткөргөнү чагылдырылган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" даректүү тасмасы Черногорияда өткөн эл аралык кинофестивалда байгени жеңип алганын Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.

Сулайман-Тоо, Ош. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Сулайман-Тоо" тасмасы тартыла баштады
Херцег Навои шаарында өткөн "Алтын Мимоза" фестивалы жыл сайын августтун башында 1986-жылдан бери өткөрүлүп келет. 

Маалыматка караганда, 2014-жылы тартылган 28 мүнөттүк документалдык тасмага белгилүү режиссер Темир Бирназаров продюсерлик кылган. 

Тасмада айына беш миң сом айлык алган дене тарбия мугалими Нарын дарыясынан кышы-жайы алтын издеп күн өткөргөнү баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0