Россиялык ырчы Валерия курулушчулардын кесиптик майрамынын көркүн ачат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиялык ырчы Валерия. Архив
Россиялык ырчы Валерия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү ырчынын катышуусу менен болуучу концерт 10-август күнү "Спартак" стадионунда өтөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Белгилүү россиялык ырчы Валерия 10-августта бишкектиктерге ыр маанай тартуулай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине концерттин уюштуруу комитетинин жетекчиси Станислав Байсалов билдирди.

Курулушчулардын кесиптик майрамына арналган концерт Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 18.00дө башталат.

Байсаловдун айтымында, билеттин баасы 500 сомдон 1500 сомго чейин деп болжолдонууда.

"Эл Валерияны жакшы көрөт, ошондуктан бул ырчыны чакырдык. Андан тышкары концертке Нурлан Насип, Юлия Руцкая, Кайрат Примбердиев жана башкалар катышат", — деди ал.

Иосиф Пригожиндин (Валериянын жубайы жана продюсери) продюсердик борборунун директору Станислав Калинкин учурда ырчы концертке даярданып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0