Кыргызстанда "Сулайман-Тоо" тасмасы тартыла баштады

Жазылуу
Аталган тасмага "9-рота" киносунун режиссеру Елена Яцура менен эл өкүлү Садык Шер-Нияз продюсерлик кылууда.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россиялык "Дип коммьюникейшн" компаниясы "Айтыш фильм" киностудиясы менен биргеликте "Сулайман-Тоо" көркөм тасмасын тартууга киришкенин аталган киностудия билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казанда өтүүчү мусулмандар киносунун фестивалына үч кыргыз тасмасы катышат
Тасманын сценарийине ылайык, 45 жаштагы Карабас келинчеги Жыпар менен чогуу жашаганына карабай Турганбүбү аттуу жаш кыз менен жолугуп жүрөт. Жубайлардын Улук аттуу баласы 4 жашында балдар үйүнөн жоголуп кетет. Турганбүбүнүн боюнда болуп калганын уккан Жыпар үй-бүлөнү сактап калуу үчүн баланы асырап алууга барат. 

Тасмага Елизавета Стишова режиссерлук кылса, сценарийин Алена Хмельницкая жазган. 

Ал эми продюсерликти "9-рота" киносунун режиссеру Елена Яцура менен эл өкүлү Садык Шер-Нияз аркалоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0