Россиялык сүрөтчү Кыргызстанга келип дагы бир Манасты тартууга даяр

© Фото / Дмитрий ЧабановОмск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk
Омск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Омск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн дубалына Манастын элесин түшүргөн сүрөтчү Константин Zmogk граффити-фестивалында эмнеге кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартууну чечкенин айтып бирди.

Россиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат. Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартты. Ал эмне үчүн "Манасты" тарткысы келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

— Бизде "Манасты" аябай баалап, улуттук дөөлөт катары карашат. Эми сиз бизге ардактуу конок катары келсеңиз, кучак жайып тосуп алабыз.
— Албетте, сүйүнүү менен келем. Балким силерге дагы ушундай нерселерди тартып берем…

— Эмнеге "Манасты" тандап алдыңыз?

Бишкектеги №5 компьютердик улуттук гимназиясынын дубалына шаарды таза кармоого чакырган граффити - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин мектеп дубалындагы граффити таштандыны атайын челекке салууга чакырат
— "Стенограффиянын" уюштуруучулары сүрөт тартууга боло турган имараттардын тизмесин жөнөттү. Мен Чокон Валиханов атындагы көчөдөгү үйдү тандап алып, Валиханов ким болгонуна аябай кызыгып көрдүм. Ал "Манас" эпосун изилдегенин билип, ага кызыгып калдым. Манастын образы менин буга чейин көчө чыгармачылыгында жасаган каармандарыма абдан окшош. Андыктан аны дароо тандап алдым. Манас тууралуу болгон маалыматтарды окуп, анан анын образын тарттым.

— Сүрөттү тартууга канча убактыңыз кетти?
— Мен Манастын буга чейин тартылган сүрөттөрүн, почта маркаларын карап чыктым дагы, сүрөттү 3,5 күндө аяктадым.

— Сиздин Facebook баракчаңызда "Playboy Россия" журналында иштеген деп жазылып жүрөт…
— Ал убакыт мен үчүн абдан сонун учурлар эле. Кызыктуу кишилер, кызыктуу жумуш. Азыр менин жашоомдо жаңы мезгил десем болот.

— Москва мамлекеттик университетинин математика факультетин аяктаганыңыз тууралуу да маалыматтар бар экен. Искусствого кантип аралышып калдыңыз?
— Мен университетке тапшырганга чейин эле искусствого кызыкчумун. Мен кичинемден эле сүрөт тартам.

© Фото / Дмитрий ЧабановРоссиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат
Россиянын шаарларында Стенограффия аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Россиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат
© Фото / Николай КривичКонстантин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартты.
Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу Манастын сүрөтүн тартты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартты.
1/2
Россиянын шаарларында "Стенограффия" аттуу көчө искусствосунун фестивалы өтөт. Катышуучулар турак-жайларга жана муниципалдык имараттардын тышына өзүнүн көптөн бери эңсеп келген сүрөтүн тарта алат
2/2
Константин Zmogk көп кабаттуу үйдүн дубалына кыргыздын баатырдык эпосу "Манастын" сүрөтүн тартты.

— Россияда көчөгө чоң сүрөт тартуу үчүн кандайдыр бир документтерди толтуруу керекпи? Же ылайыктуу жерди көрүп калсаң эле тарта бересиңби?
— Албетте, макулдашуу керек, антпесең ал мыйзам бузуу болуп саналат. Бардык жерде уруксат алып анан иштөө кажет. Граффити тартуу үчүн атайын дубалдар бар, бирок алар башка.

— Бизде дагы таланттуу сүрөтчүлөр көп жана граффити-искусствосу өнүгүп жатат. Балким биздин сүрөтчүлөр жөнүндө дагы уккансызбы?
— Тилекке каршы эч нерсе билбейт экем.

— Эгер сизде Кыргызстанга тийиштүү дагы сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгү болуп калса, эмнени тартаар элеңиз?
— Манасты тартам го дейм, азыркыдан да жакшысын тартмакмын.

Жаңылыктар түрмөгү
0