Сүрөтчү Атамбаевдин сүрөтүн тартып, "Судьбе назло" ырына клип жасады

Жазылуу
Кыргызстандык сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн тартты.

Койчумановдун айтымында, процесс эки саат убакытты алган. Эмгек президенттин "Судьбе назло" деген ырына видеоклип катары жасалган.

Сүрөтчү өлкө башчынын ушул ырын жактырарын жана өзүн сыйлай турганын билдирди.

"Терс маалыматтар ансыз деле көп, биз позитивдүү видео тартууну туура көрдүк", — деди ал.

Идея Aitysh Film киностудиясы менен биргеликте ишке ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0