"Каратегинден кат" Якутск менен Казанда өтө турган кинофестивалда ат салышат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЯкутск шаары. Архив
Якутск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын бет ачары үстүбүздөгү жылдын апрель айында Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өткөн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" аттуу даректүү тасмасы Якутск жана Казань кинофестивалдарына чакырылганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Якутскидеги IV эл аралык кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 17-21-август күндөрү өтсө, Казанда өтүүчү XII эл аралык фестиваль 5-11-сентябрга белгиленген.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагын жердеген кыргыздар, алардын күнүмдүк турмушу тууралуу тартылган тасманын бет ачары үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0