Мыкты комузчу жана кыякчыларга сынак жарыяланат

Жазылуу
Тандоо туру 25-августтан 30-августка чейин уланып, сынактын жалпы байге фонду 250 000 сомду түзөт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Тарых жана маданият" жылына карата "Бейне Өнөр" коомдук фонду улуттук аспапта кол ойноткон өнөрпоздор арасында сынак жарыялай турганын билдирди.

Эл аралык Оймо кол өнөрчүлөр фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө өтүүчү "Оймо" фестивалына Индия, Афганистан, Россиядан 150 кол өнөрчү келет
Сынактын шарты боюнча ар бир катышуучу экиден күү аткарып, өнөрпоздордун курагы 18ден 30 жашка чейин чектелет.

Жарыш "Жылдын мыкты комузчусу", "Жылдын мыкты чоорчусу", "Жылдын мыкты ооз комузчусу" жана "Жылдын мыкты кыл кыякчысы" болуп төрт номинация боюнча жүрөт. 

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Сынакка каттоо 25-июлдан баштап 5-августка чейин жүргүзүлөт. 

Тандоо туру 25-августтан 30-августка чейин уланып, сынактын жалпы байге фондусу 250 000 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0