Раиса Атамбаева Көчмөндөр оюну тууралуу видео роликке тартылды

Жазылуу
Аталган тасмада Манастан үзүндү баяндалып, жашоодогу аялдардын орду тууралуу кеп болот.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учурда 18 мамлекет Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турганын расмий тастыктады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгы тарабынан тартылган видео роликке Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева тартылды.

Аталган видео роликти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы Youtube каналындагы расмий каналына жарыялады.

Анда "Манас" эпосунан үзүндү баяндалып, жашоодогу аялдардын орду тууралуу кеп болот.

Роликтин продюссери Дарика Асылбашеванын айтымында ага 40 кыз катышкан.

"Ролик "Манас" эпосунан алынып тартылды. Анда Каныкейдин Кошойго кандагай тигип берүүсү баяндалат. Биз бул видео менен аялдардын жашоодогу ордун көрсөткүбүз келди", — деди Асылбашева.

Тасмага белгилүү жаш актриса Элина Абай кызы, ырчы Аяна Касымова дагы тартылган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0