Кеп казына. Касиети оозуна бүткөн Карга аке

Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Карга бий Мендегул уулу — Ысык-Көлдүн жөн билги, сөз билги акылман акелеринин эң улуусу. Ал кыргыздардын бугу уруусунан чыккан. Кара кылды как жарган калыстыгы, алысты көрө билген көсөмдүгү, так, таамай сүйлөгөн чечендиги менен эл оозунда айтылып калган инсан. Эл ичиндеги "калыстыкты Каргадан үйрөн, Карга бийдин касиети оозунда" деген кептин эле өзү анын акыл парасатынан кабар берип турат.

Эккенден дан чыгат, эрегиштен жан чыгат.

***

Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жондуу болбойт.

***

Калыстыгы жок бийдин калкка кереги жок.

***

Жоо каптаса жоюлар, жоо да бир күн союлар. Өрт каптаса өчүлөр, өлүм каптаса өчүгөөр. Кайраты кеткен кайыгаар, карт болгон оору айыгаар, жоңгорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын.

***

Эп чырагы эне болот,
Уул жакшысы урмат болот,
Сый жакшысы сырдаш болот,
Сыр жакшысы курдаш болот,
Айлап катыш муңдаш болот. 

***

Керегең бек болсун,
Кебиң эп болсун.
Тууганыңа туура бол,
Тутугуңа буура бол.

***

Кайратты элден ал,
Келбетти жерден ал.
Тазалыкты суудан ал,
Ынтымакты туудан ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0