Уздардын эл аралык "Кыргыз шырдагы” фестивалы Ат-Башыда өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүШырдак тигип жаткан апа. Архив
Шырдак тигип жаткан апа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, эл аралык фестиваль 28-29-июнга пландаштырылган. Бирок, ал июль айына жылдырылган болчу.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. 20-июлда Ат-Башы районунда эл аралык "Кыргыз шырдагы VI" фестивалы өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан уз-чеберлер келет. 

"Тарых жана маданият жылынын алкагында улуттук баалуулуктарды сактоо, эл арасында жайылтуу жана кол өнөрчүлөрдү колдоо максатында Ат-Башы районунда эл аралык фестиваль өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Бул маданий иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана "Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешмеси" уюштуруп жатат.

Эскерте кетсек,эл аралык фестиваль 28-29-июнга пландаштырылган. Бирок, ал июль айына жылдырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0