Көчмөндөр оюну үчүн этнохит менен этнокийимдер изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этникалык мода жана хит боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна тандоо үчүн этномода жана этнохит багыты боюнча республикалык конкурс жарыяланганын Маалымат, маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну күзүндө Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрда өтөт. Анда улуттук спорттун 26 түрү боюнча 40ка жакын команда ат салышат.

"Конкурстун жеңүүчүлөрү Nomad Fest фестивалына катыша алат", — деп айтылат маалыматта.

Арыздар 7-августка чейин кабыл алынып, конкурс 12-14-август күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0